Кыргызстандык окуучулардын ийгилиги - Кыргызстан жаңылыктары
Описание
#НовостиКыргызстана #АЛАТОО24 #КТРК #Кыргызстан #жаңылыктар #новости #жанылыктары
Кыргысзтандык окуучусу Менделеев эл аралык олимпиадасынан күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл Менделеев эл аралык олимпиадасы Венгриянын Будапешт шаарында өткөрүлмөк. Бирок, пандемияга байланыштуу сынак онлайн өткөрүлдү. Ага катышкан кыргызстандык төрт окуучунун үчөө байгелүү орунга жетти. Каракол шаарындагы Карасаев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Нурсултан Соодонбеков күмүш медаль тагынды. Ушул эле лицейдин окуучу Кубанычбек Камиль коло медаль алды. Ал эми Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Камил Мамбетов дагы коло медалга татыды. Жыл сайын өткөрүлгөн олимпиадага жыйырмадан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катышат. Эл аралык олимпиада химия сабагы боюнча өткөрүлөт.
"Ала-Тоо 24" входит в цифровое телесемейство КТРК и стал первым и пока единственным круглосуточным новостным каналом в республике. За это время проделана огромная работа.
Ежедневно мы следим за информацией как в стране, так и в мире, и качественно, оперативно и достоверно большая команда канала работает над тем, чтобы вы, уважаемые телезрители, были в курсе всех событий здесь и сейчас. Мы предлагаем вам окунуться в нашу жизнь и увидеть как работает наш большой и дружный коллектив.
Новости Кыргызстана
Кыргызстан Жаңылыктары
Комментарии